Чүйдө 2 үй толугу менен күйүп кетти

10:28, 28 января 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Бөксө-Жол айылында аянты 100 чарчы метр болгон үй толугу өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Дагы бир маалыматка караганда, Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында контейнер менен салынган 108 чарчы метр үй толугу менен күйүп кетти.

Бул кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.