USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жактоочу: Кубанычбек Кулматовдун кылмыш иши менен таанышуу аягына чыкты

09:47, 28 января 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовдун кылмыш иши менен таанышуу аягына чыкты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Айтымында, иш жакынкы күндөрү сотко өтөт. Жактоочунун айтымында, Кубанычбек Кулматовго карата аргументтүү далилдер жок. Ал УКМКнын тергөөчүлөрү тарабынан кысым болгонун айтып, айыпты мыйзамсыз коюп жатканын белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Кубанычбек Кулматовго 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18