Мурдагы унаа министри Аргынбек Малабаев жол кырсыгына кабылды

09:32, 28 января 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Белогорка капчыгайынан жол кырсыгы катталып, 1 киши каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Чүй ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ саат 18:00дө катталган.

«Алдын ала алынган маалыматка караганда, айдоочу унааны башкара албай калган. Натыйжада унаа бир канча жолу оодарылып кеткен. Айдоочу каза болуп, дагы 3 киши жабыркады. Алардын арасында мурунку Унаа министри Аргынбек Малабаев да болгон», -деп билдиришти ОИИБдан.