12:00, 27 января 2019, Бишкек - 24.kg , Элеонора КЫДЫРОВА
Социалдык түйүндөргө баш бактың дегиче убакыттын кандай өткөнүн билбей каласың. Бирок, азыркы технологиянын заманында убакыттан артта калбайлы деп, социалдык түйүндөрдүн бир бөлүгү болууга кааласак да, каалабасак да тушугабыз. Айрым блоггерлер аккаунттарды такыр өчүрүп реалдуу жашоого кайткыла деп чакырык таштап да келишет. Социалдык түйүндөр биздин жашообузга түздөн-түз таасир берет. Мындан улам көз каранды болбой, убакытты кантип туура пайдалануу керектиги боюнча 24.kg агенттиги кеңештерди даярдады.
— Өзүнуздөр катталган барактардын тизмесин түзүп, сизге кереги тийбеген контентти тазалагыла. Айрыкча, Твиттер менен Фейсбуктун колдонуучуларына жалпы лента жана статустардагы жаңылыктардын барын карап чыгуусу зарылбы? Кайсы бир баракчага же брендге «жакты» деген белгини басуу кажетпи? Мындан улам жарыялангандардын барын тематикасына, тил өзгөчөлүктөрүнө, жарыяланган өлкөсүнө, контенттин түрүнө өзүнчө бөлүп караган алда канча убакытты үнөмдөйт.
Сизге эмне кызыктуу болсо ошого гана жазылыңыз. Алгач Фейсбук жаңыдан чыгып жатканда баары «жакты» деген белгини катары менен туш келди баса беришкен. Мындан улам, ал маалымат сизге жакпаган күндө деле баракчаңызга пайда болуп, каалабасаңыз да аны көргөнгө мажбурсуз.
- Достор бөлүмүн тартипке келтириңиз. 100дөгөн кишилер катталган болсо, алар сизге ким болот? Муну тактаңыз. Сиздин классташыңыздын кайсы бир кечеде 1-2 жолу көргөн досу сиз үчүн маанилүүбү? Сиз мурунку сүйлөшкөн жигитиңдин достору менен дагы деле пикир алышасызбы? Тезинен тазалаңыз.
-Социалдык түйүндөр боюнча контенттин түрлөрүн бөлүп коюңуз. Мисалы, кабарлары жалаң Твиттерден, жеке окуяларды жана достордун ойлорун Фейсбуктан окуңуз.
- Сизди кызыктырган маалыматтарды тематикалык топтордон жана хештегдерден издеңиз. Бул убакытты үнөмдөгөнгө жардам берет.
-Дем алыш күндөрдү социалдык түйүндөрсүз өткөрүңүз. Бул реалдуу жашоодо жакшы жардамын берет. Санарип агымдардан баш тартып, тирүү жандыктарга, адамдарга көңүл буруңуз.
-Социалдык түйүндөрдөн баш тартуу депрессиядан арылтат. Күн сайын интернеттен башы чыкпагандар депрессияга тез кабылуу коркунучу бар. Анткени, ал башкалар жүктөгөн маалыматтарды көрүп, алардын жашоосу кызыктуудай көрүнө баштайт. Өз турмушуна нааразычылык пайда болушу ыктымал.