Апрель баатыры Мээрбек Мискенбаев сурак берүүдө

17:18, 25 января 2019, Бишкек - 24.kg

Апрель баатыры Мээрбек Мискенбаев Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматында сурак берүүдө. Маалыматты мекемеден ырасташты.

Алардын билдирүүсүндө, сурак 2 миллион сомдук көмүр боюнча козголгон иштин алкагында жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин мүчөсү Марипа Алыйкулова 2016 -жылы укук коргоо органдарына Мээрбек Мискенбаевдин атына арыз жазган. Анын айтымында, апрель баатырлары үчүн берилген 2 миллион сомдук көмүрдү бирикменин жетекчиси өзүнө ыйгарып алган.

Мээрбек Мискенбаев менен бирге «Айкөл Ала-Тоонун» азыркы жетекчиси Амантур Жамгырчиев дагы сурак берип жатат.