17:18, 25 января 2019, Бишкек - 24.kg
Чүй облусуна караштуу Кемин районунда айыл өкмөтүнүн кызматкерин жергиликтүү кеңештин депутаты сабап салган. Маалыматты 24.kg агенттигине ОИИБдан тастыкташты.
Маалыматка караганда, 29-декабрда Кемин РИИБга Кызыл- Октябрь айылынын 30 жаштагы тургуну кайрылган. Ал С.Мге карата чара көрүүнү суранган. Айтымында, ал таң эрте аялдын үйүнө келип сабаган.
«Факт РИИБда катталган. Милиция күнөөлүүнү суракка алды. Ал сабаган эмесмин деп күнөөнү моюндаган эмес. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды», -деп билдиришти ОИИБдан.