Кыргызстандан чет өлкөгө мыйзамсыз учуп кетүүгө аракет кылган аял кармалды

15:27, 25 января 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандан чет өлкөгө мыйзамсыз учуп кетүүгө аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек—Стамбул авиакаттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда текшерүүдөн өтүп жаткан аял 1977-жылы туулган М.Т. аттуу жаранга тиешелүү жалпы жарандык паспортту көрсөткөн.

Бирок ал документтин ага тиешелүүлүгү тууралуу шек жаралып, сурак учурунда ал аял башка адамдын паспортун колдонуп жүргөнүн айтты.