Түп-Кеген унаа жолунун курулушуна 55 миллион доллар коротулат

14:40, 25 января 2019, Бишкек - 24.kg

Түп-Кеген унаа жолунун курулушуна 55 миллион доллар коротулат. Бул тууралуу «Өнүгүү-прогресс» фракциясынын отурумунда Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлү Рената Эсембаева билдирди.

Айтымында, 50 пайызы гран, калганы насыя түрүндө.

«Баткен-Исфана-Худжант жолунун курулушунун долбоору бар, JICA менен биргеликте Түп-Кеген жолун курууну пландап жатабыз. Ошондой эле, «Каракол» туристтик базасынын жолдорун курабыз», -деди Рената Эсембаева.

Фракциянын лидери Бакыт Төрөбаев жолдорду куруудан тышкары кызмат көрсөтүү системасын дагы иштеп чыгуу керек деди.