Кыргызстанга көп келген чет өлкөлүк жарандар казакстандык жана орусиялыктар

11:34, 25 января 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанга көп келген чет өлкөлүк жарандардын басымдуу бөлүгү Казакстан жана Орусиялыктар. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда Миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов билдирди.

Айтымында, 2018-жылы республикага 7 миллион чет өлкөлүк келген.

«Бизге Казакстан, Орусиянын жарандары көп келет. Андан кийинки орунда Тажикстан, Түркия, Кытай, Германия, АКШ жана Түштүк Корея турат», -деди Болотбек Ибраимжанов.

ТИМдин маалыматы боюнча былтыр 54,6 миң кишиге виза берилген, алардын ичинен 35 миңи электрондук виза.