11:23, 25 января 2019, Бишкек - 24.kg
«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасын акционердик коом кылуу пландалууда. Бул тууралуу «Өнүгүү-прогресс» фракциясынын отурумунда башкы директор Каныбек Абдыкеримов билдирди.
Айтымында, долбоордун концепциясы министрликтер жана ведомстволор менен макулдашууда жатат.
«Мамлекеттик ишкананы өнүктүү концепциясында «Кыргыз темир жолу» акционердик коом деп көрсөтүлгөн. Акционердик коом инвестиция алып келе тургандыгын билесиздерби. Мындан тышкары жеке менчиктин мындай түрү -менеджменттин эффективдүү формасы», -деди ал.