Кыргызстанга иштөө үчүн жылына 12 миңге жакын чет элдик жарандар келишет

11:04, 25 января 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанга жылына иштөө үчүн 12 миңге жакын чет элдик жарандар келишет. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда Миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов билдирди.

Маалыматка караганда, 2016-жылы 12 миң 135 чет элдик жаран иштөөгө уруксат алган. 2017-жылы 12 миң 138, былтыр 12 миң 950 жаран келген.

«Иштөөгө уруксат берилгенден кийин бюджетке 265 миллион түштү», -деди Болотбек Ибраимжанов.

Ушул жылдын башында 187 чет элдик жаранга качкын статусу берилди. Алардын 87си Ооганстандан, 70и Сириядан, 19у Украинадан жана калгандары башка өлкөлөрдөн келишкен.