Бишкек ЖЭБ штаттык режимде иштеп жатат

10:36, 25 января 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек ЖЭБ штаттык режимде иштеп жатат. Буга чейин түштүк райондогу жашоочулар жылуулук боюнча арызданып, социалдык түйүндөргө жазып чыгышкан.

Кечээ борбордук жылуулук түйүнү сууну +65 гардуста берген. Бүгүн деле температуранын режими өзгөргөн жок. ЖЭБде эч кандай бузулуулар катталган эмес.

Эске салсак, окурмандардын бири «Талаада калган отчетторду алыш керек. 11-12-кичи райондордо, Асанбайда жана 6-кичи райондо жылуулук жана ысык суу жок», -деп жазган. Айрым тургундар 4-5-кичи райондордо дагы жылуулук жок деп айтышууда. Дагы бир окурман 12-кичи райондо 2 күндөн бери жылуулук жок экенин айтат.