10:29, 25 января 2019, Бишкек - 24.kg
Бишкекте № 5 автобустук маршрутту калыбына келтирүү пландалууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине муниципалитеттин Унаа башкармалыгынын башчысы Хасанбек Алимбеков билдирди.
Айтымында, автобус «Көлмө» конушунан Боталиев, Тоголок Молдо, Абдрахманов көчөсүнөн 12-кичи районго чейин жүрөт.
Маршрутту «Шыдыр Жол Кей Джи» ЖЧКсы тейлейт. Аталган компания 18 автобус алып келет.
Хасанбек Алимбековдун айтымында, компания учурда борбордогу № 35 маршрутту тейлеп жатат.