10:05, 25 января 2019, Бишкек - 24.kg
Сот УКМКнын иштин материалдары менен таанышуу үчүн чектөө аракеттерин мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.
Айтымында, ал УКМКнын графигине даттанган. УКМК жактоочуларга материал менен таанышуу үчүн график түзүп койгон.
«Иште 53 том бар, биз 8-январда таанышып баштадык. Бүгүн 25-январь, мөөнөт акырына чыгып баратат. Бул убакыт аралыгында иштин материалы боюнча сапаттуу даярданууга мүмкүн эмес. Мындан улам сотко кайрылууга туура келди. Сот менин айткандарым менен макул болду», -деди жактоочу.
Сапар Исаковдун камакта калуу мөөнөтү 13-февралга чейин узартылган.
Эске салсак, экс-премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБдеги кырсык боюнча жемкорлук айыбы менен камалган.