Лейлек районундагы жергиликтүү кеңештин депутатынын өлүмүнүн бети ачыла элек

09:34, 25 января 2019, Бишкек - 24.kg

Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы жергиликтүү кеңештин депутатынын өлүмүнүн бети ачыла элек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ОИИБдан билдиришти.

Милиция шек туудурган эч ким жок дейт.

«Тергөө аягына чыга элек. Окуянын күбөлөрү суракка алынууда. Иликтөөнү криминалдык милициянын кызматкерлери жүргүзүп жатат», -деди ОИИБдан.

Эске салсак, 5-ноябрда белгисиз бирөөлөр депутатты аркасына атып кетишкен. Окуя Арка-2 айылында болгон.