Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

08:47, 25 января 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкек шаарынын айрым аймактарында оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, электр жарыгы төмөнкү даректерде өчөт:

Саат 9:00дөн 18:00гө чейин Турусбеков, Иваницин, Исанов көчөлөрүндө;

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин Жукеев-Пудовкин, Уфим, Садовый, Гранит, Гвардей көчөлөрүндө;

Саат 9:30дан 14:00гө чейин Кайыңды конушунда;

Саат 9:30дан 17:00гө чейин Көк-Жар конушу, Керемет, Чар, Шабдан баатыр, Васильев, Тоголок молдо көчөлөрүндө;

Саат 9:30дан 18:00гө чейин Худайбергенов, Таабалдиев, Токтоналиев, Айни көчөлөрүндө;

Саат 9:40тан 14:00гө чейин Лермонтов, Сокулук, Ибраев көчөлөрүндө;

Саат 14:00дөн 17:00гө чейин Аламүдүн-1 кичи районунда, 85, 86, № 51 бала бакчасында, № 38 орто мектебинде электр жарыгы өчүрүлөт.