22:35
USD 84.79
EUR 98.42
RUB 1.22

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 15,9 миллиард кубометрди түздү

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күндө 15,9 миллиард кубометрди түзөт. Бул тууралуу күзгү-кышкы мезгилге даярдануу боюнча республикалык штабдын отурумунда Өндүрүш, энергетика жана тоо-кен байлыктарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин статс-катчысы Айбек Асанов билдирди.

Маалыматка ылайык, январдын башында аталган жайда суунун көлөмү 16, 7 миллиард кубометр болчу.

«Бул Нарын дарыясындагы суунун деңгээлине байланыштуу. Бирок, аталган суунун көлөмү күзгү-кышкы мезгилден өтүү үчүн жетиштүү», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар