Нарында ӨКМнын кызматкери асынып каза болду

17:17, 24 января 2019, Бишкек - 24.kg

Нарында өз үйүнүн короосундагы сарайга ӨКМнын кызматкери асынып каза болду. Бул маалыматты 24.kg агенттигине ИИМдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, 24 жаштагы жигитти бүгүн эртең менен табышкан.

«Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Алдын ала алынган маалыматка караганда, каза болгон жарандын денесинде кыйноонун белгиси табылган жок», -деп билдиришти ИИМден.