06:09
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Футбол. Александр Крестининге «Данакер» ордени тапшырылды

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасынын спортчуларын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ал курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин эмгегин өзгөчө белгиледи. Анткени машыктыруучулардын көрөгөчтүгү жана жогорку кесипкөйлүгү спортчулардын эң жакшы натыйжаларга жетишүүсүнө өбөлгө болду. Алар ар бир оюнчуну өз баласындай көрүп, чыныгы чемпиондорду тарбиялашты.

«Биздин курама командабыз ишеним отун жандырып, элибизди бириктирди жана кыргызстандыктардын үмүтүн актады. Мына ошондуктан команданын башкы машыктыруучусу Александр Сергеевич Крестинин мамлекеттик жогорку сыйлык — «Данакер» ордени менен сыйланат», — деп баса белгиледи президент.

Президент мамлекеттик сыйлыктарды: Аскар Салымбековго — 3-даражадагы «Манас» орденин, Александр Крестининге — «Данакер» орденин, Семетей Султановго, футболчулар Азамат Байматовго, Валерий Кашубага, Валерий Кичинге, Виталий Люкска, Мирлан Мурзаевге — «Даңк» медалын тапшырды. 

Машыктыруучунун жардамчысы Игорь Кудренко «Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкери» ардактуу наамына, курама команданын дарыгери Нурбек Исмаилов «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери» ардактуу наамына татыктуу болушту.

Улуттук команданын башка оюнчулары Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааттары менен сыйланышты.

18 адам мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты, 25 спортчу КР Президентинин энчилүү сааттарын алышты.

Эң көп окулган жаңылыктар