16:40
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ак-Суу районунда 15 жаштагы окуучу муунуп каза болду

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунда 15 жаштагы окуучу муунуп каза болду. Бул тууралуу ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өспүрүмдүн өз өмүрүнө кол салгандыгы тууралуу маалымат милицияга түшкөн жок, мындан улам факт каттоого алынган жок.

Белгилей кетсек, бүгүн ЖМКда жергиликтүү укук коргоо органдарынын кызматкерлери акча талап кылгандыктан, окуучу өз жанын кыйды деген маалымат тараган. «Милиция өспүрүмдүн каза болгондугу тууралуу иликтөө жүргүзүп жатат, кызматтык иликтөө башталды», -деп билдиришти ОИИБдан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума