13:54, 24 января 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда Жазык кодексине өзгөртүү киргизилиши менен 2019-жылы 350гө жакын соттолуучу эркиндикке чыгат. Бул тууралуу маалымат жыйында ЖАМКтын өкүлү Бакыт Термечиков билдирди.
Айтымында, анчалык оор эмес кылмыш үчүн соттолгондор эркиндикке чыгат.
«Аялдар колониясынан болжол менен 9 соттолуучу чыгат. Жашы жете электер арасынын эркиндикке чыгышпайт, анткени баары оор кылмыш жасагандар. Алдын ала алынган маалыматка караганда, колониядан жалпы 350гө жакын киши чыгат», -деди Бакыт Термечиков.