Кыргызстанда балдардын жалпы санынын 39 пайызы иштейт

10:36, 24 января 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда балдарды эмгекке пайдалануунун 96 пайызы айыл чарба тармагында болот. Бул тууралуу өлкөдө балдарды иштетүү формаларын жок кылуу боюнча улуттук планды талкуулоо маалында белгилүү болду.

Эксперттердин айтымында, балдардын жалпы санынын 39 пайызы иштейт. 96,2 пайызы агро тармагында, 3,8 пайызы башка тармактарда эмгектенет.

Маалыматка караганда, түштүк облустарда балдар пахта жыйноого катышат. Алардын иштөө убактысы күнүнө 10-12 саатты түзөт.