09:45, 24 января 2019, Бишкек - 24.kg
Бишкектин социалдык кызматкерлерине бирдиктүү атайын кийим беришти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, шаардык бюджеттин эсебинен ысык тамак-ашты жеткирүү үчүн идиш, кан басымды өлчөй турган курал жана аптечка сатып алышты.
Социалдык өнүгүү райондук башкармалыгында 84 социалдык кызматкер иштейт. Алар 684 үйдү (жалгыз жашаган пенсионерлерди, мүмкүңчүлүгү чектелген жарандарды) тейлешет. Аларга азык-түлүк, дары-дармек жактан жардам берип, керектүү жардамдарды кылып турушат.