Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт

09:25, 24 января 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.

Саат 9:00дөн 19:00гө чейин Көк-Жар жаңы конушунун Боогачы, Арстанбап, Көк-Жайык, Босого, Тулак, Тоң, Куйручук, Коңорчок, Көк-Жар, Алма-Ата, Кулмурзаев, Керемет көчөлөрүндө;

Саат 9:30дан 14:00гө чейин Щусев, Тыныстанов, Магаданская, Васильева, Эркиндик, Маяковский көчөлөрүндө;

Саат 9:30дан 18:00гө Фрунзе, Үметалиева, Турусбеков, Васильева, Мусулманкулов көчөлөрүндө;

Саат 9:30дан 17:00гө Восточная, Щербет, Тоголок молдо, Токтогул, Коёнкөзөв, Сыдыков, Ташкентский, Карасуйский, Исанов, Жибек Жолу, Токтоналиев, Жаманбаева, Кудайбергенов, Абай, Радищев көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.