Орусияда сүннөткө отургузулган кыргызстандык бала ооруканага түштү

14:07, 23 января 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык 5 жашар бала Орусиянын Санкт-Петербург шаарында сүннөткө отургузулгандан кийин ооруканага жатып калды. Бул тууралуу Орусиялык ЖМК жазды.

Маалыматка ылайык, кичине бала көп өлчөмдө кан жоготкондуктан анын абалы оор.

5 жаштагы баланы апасы дарыгерлерге 22-январда алып барган. Баланын атасынын айтымында, 20-январда алар уулун бейтааныш дарыгерге алып барып, сүннөткө отургузушкан.