20:43
USD 87.45
EUR 102.79
RUB 1.10

Ошто үй өрттөнүп, 80 жаштагы аял түтүнгө ууланып каза болду

Ош шаарында үй өрттөнүп, 80 жаштагы аял түтүнгө ууланып каза болду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык шаардын Моминов көчөсүндөгү үйдө болгон.

Үйдүн 4 чарчы метр жыгач полу жана төшөнчүлөр күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1938-жылы туулган Н.В. аттуу аял түтүнгө ууланып каза болгон.

Маркумдун жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар