20:21
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Анжелика: «Биз Марат менен биргебиз, бирок үйлөнгөн жокпуз»

Интернет булактарында ырчы Анжелика Кайратованын ишкер Марат Назарбеков менен түшкөн сүрөттөрү интернетке тарап коомчулукта кызуу талкууну жаратты. Анжелика да четте карап турбастан талкууларга аралашып, айрым суроолорго жооп берүүгө өттү.

Ал Barometr.kg сайтынын инстаграм баракчасында жүктөлгөн өзү тууралуу постко: «Фотошоп эмес. Марат 11 жылдан бери паспортунда бойдок статусунда. Үй-бүлөсүн сактаганга бир нече ирет аракет жасап, үч жылдан бери жалгыз жашайт. Эми кененирээк таанышып баштадым Марат менен. Турмушка чыга элекмин. Болду эми тынчыгыла» -деп пикир калтырды.

Көпчүлүк Анжеликанын дарегине терс мазмундагы пикирлерди жамгырдай жаадырууда. Талкуу кылгандардын көпчүлүгү бул ырчынын жеке жашоосу экенине карабай «эмнеге уялбай сыр сактап жүрөсүң?», — дешип таң калгандарын жашыра албай жатышат.

Сүрөттөргө жооп бересизби? Сиздер чогуусуздарбы? деген суроолорго жооп кылып, «Дагы кандай жооп керек? Биз эркин адамдарбыз, эч кимге билдирүүгө жооп берүүгө милдеттүү эмеспиз. Ал азырынча сунуш киргизе элек. Күйөөгө чыккан жокмун. Урмат менен жакшы сүйлөшөм, кыздарды чогуу тарбиялап жатабыз» -деп жазганы менен бөлүштү.

Эң көп окулган жаңылыктар