14:39
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкекте № 7 автобустун айдоочусу 16 жаштагы кызды коюп кетти

Бишкекте № 7 автобустун айдоочусу 16 жаштагы кызды коюп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ Чүй жана Жаш гвардия проспектилеринин кесилишинде болгон.
 
Кыз жол чийинден өтүп бара жатканда аны сүзүп кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилди.
Автобус атайын унаа токтотуучу жайга киргизилди, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Эң көп окулган жаңылыктар