Алгачкы жолу 2 ай аралыгында доллардын сатылыш наркы 69,9 сомго түштү

09:09, 23 января 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Улуттук банкы жасаган валюталык интервенция жыйынтыгын берди. Алгачкы жолу 2 ай аралыгында доллардын сатылыш наркы 69,9 сомго түштү.

Бүгүнкү күндө коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда доллар 69,8-69,85 сомдон сатылууда. Бул былтыркы жылдын ноябрына салыштырганда 10 тыйынга төмөн. Долларды сатып алуу 20-30 тыйынга арзандады. Учурда жашыл акчаны 69,5-69,65 сомдон сатып алса болот.

Доллардын курсунун өсүшүн кармап туруш үчүн январдын ортосунда Улуттук банк 18,8 миллион доллар сатты. Мындан сырткары аталган банк былтыр 11 интервенция жасаган.