Түзөтүү колониясына баңгизатын ыргытканга шектүү жаран кармалды

17:55, 22 января 2019, Бишкек - 24.kg

Түзөтүү колониясына баңгизатын ыргытканга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя мындан 2 жыл мурун болгон. Шектүү кечээ колго түштү.

Билдирүүгө ылайык, белгисиз бирөөлөр колониянын тосмосунан 2 пластмассадан жасалган бөтөлкө ыргытышкан. Экспертизанын жыйынтыгында анда баңгизат салынганы аныкталган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Окуяга шектүү катары Ысык-Көл облусунун 24 жаштагы жараны кармалды. Ал буга чейин соттолуп чыккан.