Депутаттар министрлер кабинетине жаңы кодекстеги каталарды оңдоону тапшырышты

16:32, 22 января 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын өкмөтү, Башкы прокуратура жана Жогорку сот жаңы кодекске өзгөртүү киргизүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүшү керек. Мында чечим Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда кабыл алынды.

Депутаттар өкмөткө 1-мартка чейин убакыт беришти.

Комитеттер ушул жылдын 1-январында күчүнө кирген жаңы кодекстерди карашты.