14:22, 22 января 2019, Бишкек - 24.kg
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ооруп калып, Жогорку Кеңештин жыйынына келе алган жок. Бул тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.
Комитеттер ушул жылдын 1-январында күчүнө кирген жаңы кодекстерди карап жатат.
Депутаттар өкмөт башчынын өзүн чакырууну талап кылышты. Премьер-министрдин ооруп калгандыгы тууралуу маалыматты алар катуу каткырык менен кабыл алышты.
«Ал түндө футбол көрбөдүбү, балким уйкусун кандырып жаткандыр?», -дешти депутаттар.
Эске салсак, кечээ Кыргыз курама командасы менен Бириккен Араб Эмиратынын курамасы футболдук беттешке чыгып, биздин команда 2:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартышкан. Кыргызстанда жана чет жерде жүргөн мекендештер күйөрмандык кылып, «Ак-Шумкар» командасына катуу колдоо көрсөтүп сүрөп турушту. Мухаммедкалый Абылгазиевдин дагы өз иш бөлмөсүндө футбол көрүп отурган сүрөтү социалдык түйүнгө тараган.