05:36
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Футбол. Мелдешке катышкан Кыргыз улуттук командасы 200 миң доллар сыйлык алат

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасына мелдешке катышкандыгы үчүн 200 миң доллар сыйлык тапшырылат. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Азия Кубогуна катышкан ар бир команда акчалай сыйлыкка ээ болот.

Эске салсак, кечээ Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун жарым чейрек финалынын алкагында БАЭ курамасы менен беттешип 2:3 эсебинде утулуп калды.



Эң көп окулган жаңылыктар