Былтыр Кыргызстанда 68 мектеп жана спорт зал салынган

11:40, 22 января 2019, Бишкек - 24.kg

Былтыр Кыргызстанда 68 мектеп жана спорт зал салынган. Бул тууралуу маалымат жыйында Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев билдирди.

Айтымында, 2018-жылы бюджеттен 2 миллиард 946,9 миллион сом каралган. Бул каражатка социалдык-маданий маанидеги 256 объекттин курулушу бүткөрүлгөн. Мындан сырткары 89 объект суу менен камсыздалып, 95 объектке капиталдык ремонт жүргүзүлдү.

«Былтыр 101 социалдык объект курулду, анын ичинен 68 мектеп, 6 бала бакча, 8 спорт зал, 5 саламаттык сактоо объектиси бар», -деди Самат Бөрүбаев.