Аскер прокуратурасы генерал-майор Нуридин Чомоевге карата кылмыш ишин токтотту

09:55, 22 января 2019, Бишкек - 24.kg

Аскер прокуратурасы генерал-майор Нуридин Чомоевге карата кылмыш ишин токтотту. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Маалыматка ылайык, генерал мамлекетке чыгымдарды төлөп бергендиги үчүн, кылмыш иши токтотулду.

«Тергөөнүн жүрүшүндө генерал Нуридин Чомоев мамлекетке 552 миң сом чыгым келтиргендигин аныктады. Анын улуттар аралык жоокер катары тизмеге катталышына справка негиз болгон. Мөөнөтү өтүп кеткендиктен документти берген кишини жоопкерчиликке тартышкан жок. Мындан тышкары Аскер прокуратурасы Нуридин Чомоевдин аракетинен кылмыштын издерин таба алган жок», -деп билдиришти жеке булак.

Буга чейин Аскер прокуратурасы Коргоо министрлигинин башкы штабынын мурунку башчысы генерал-майор Нуридин Чомоевге карата кылмыш ишин козгогон. Ал Йеменде аскердик аракеттерге катышты деген жүйө менен пенсиясынын үстүнө кошумча акы алып келген.