Футбол. 3:2 эсеби менен Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстандын командасын утту

08:39, 22 января 2019, Бишкек - 24.kg

Футбол боюнча Азия кубогундагы беттештердин алкагында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футболчуларынын 1/8 финалындагы оюну аяктады. Анда 3:2 эсеби менен Бириккен Араб Эмираттары утту.

Беттеш Абу-Даби шаарындагы «Шейх Зайид» стадионунда 21-январда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 11де башталган. Эки команданын беттеши курч мүнөздө жүрүп, кошумча убакыт дагы берилди.

Мындан бир нече күн мурда кыргыз футболчулары филиппиндиктерди 3:1 эсеби менен жеңип, тайпадан татыктуу чыгып, 1/8 финалга жолдомо алган эле.