15:12, 21 января 2019, Бишкек - 24.kg
24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Видео оюндарды ченеми менен ойносо, ал динге каршы келбейби?
Шарият боюнча намаздан жана башка милдеттен алагды кылган көңүл ачуулар тахриман-макрух болуп эсептелет.
Куранда «Алар шарап жана кумар оюндарынын зыяны жөнүндө сурашат. Сен аларга «Аларда күнөө бар, ошол эле учурда пайда бар. Бирок, күнөөсү пайдасынан көп деп айткын», — деп айтылат (аль-Бакара 2/219).