«Мадина» базарынын жанындагы жер үстүнөн өтүүчү өтмөктө лифт иштебей жатат

11:36, 21 января 2019, Бишкек - 24.kg

«Мадина» базарынын жанындагы жер үстүнөн өтүүчү өтмөктө лифт иштебей жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман билдирди. 

«Эки тарапта тең лифт иштебейт. Балдардын коляскасы менен ары-бери өтүш оор», -деген ал.

Эске салсак, өтмөк 2017-жылдын декабрында ачылган.