Беловодск психоневрологиялык үй-интернатындагы балдар жаңы имаратты күтүшүүдө

14:22, 21 января 2019, Бишкек - 24.kg , Элеонора КЫДЫРОВА

Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Беловодское айылында жайгашкан балдардын психоневрологиялык үй-интернатында балдар жаңы имаратты күтүшүүдө.

24.kg агенттигине интернат жетекчилигинин билдирүүсүндө, акча бөлүнбөй курулуш кечеңдөөдө.

Жаңы имаратка жайында жатып калган балдар которулат. Анын курулушуна 69 миллион 34 миң 900 сом бөлүнгөн. Интернаттагы 230 баланын 80и төшөктө жатат.

Беловодск психоневрологиялык интернаты
Беловодск психоневрологиялык интернаты
Беловодск психоневрологиялык интернаты
Беловодск психоневрологиялык интернаты
Тарбиячылардын айтымында, интернатка келген балдардын басымдуу бөлүгү Ысык-Көл облусунан келгендер. Кийинки катарда Жалал-Абад жана Ош облусу турат.

«Бул жактан 18 жашка чыккан балдар Токмоктогу интернатка которулат. Айрым ата-энеси бар балдарды үйлөрүнө алып кетишкен учурлар болот. Ал эми жетим балдар кайсыл жакта бош орун болсо ошол интернатка жайгаштырылат», — деди тарбиячылардын бири.

Беловодск психоневрологиялык интернаты
Беловодск психоневрологиялык интернаты
Беловодск психоневрологиялык интернаты