11:16, 21 января 2019, Бишкек - 24.kg
Бүгүн Кыргызстан Бириккен Араб эмираты менен футбол ойнойт.
20-январда кечинде Азия кубогундагы финалдын 1/8 бөлүгүнүн оюндары башталды. Буга чейин Кыргызстан менен бир тайпада ойногон кытай футболчулары жекшембиде Таиланд менен кездешип, 2:1 эсебинде утуп, 1/4 финалдык бөлүккө жолдомо алды.
Иран командасы Оманды 2:0 эсебинде ишеничтүү жеңип, кийинки финалдык бөлүккө өттү.
Ал эми Иордания оюнга чейин Вьетнамдан күчтүү болгону менен кечээ негизги убакытты 1:1 эсебинде жыйынтыктап, пенальтиден 4:2 эсебинде утулуп, чемпионат менен кош айтышты.