Бүгүн Бишкектеги 7-Апрель жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде кырсык катталып, 33 жаштагы жүргүнчү каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Mercedes-Benz жана Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. 33 жаштагы жүргүнчү окуя болгон жерде набыт болду. Айдоочу жана дагы бир жүргүнчү ооруканага жеткирилди.