10:33, 21 января 2019, Бишкек - 24.kg
Чүй облусуна караштуу Аламүдүн РИИБсы дайынсыз жоголгон Казыхан Мухабаевди издеп жатат. Бул тууралуу ОИИБдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1978-жылы туулган Казыхан Мухабаев 12-январда болжол менен саат 17:00дө Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Анын өзгөчө белгилери: бою 145-150 см, арык дене түзүлүштө, чачы кара, кыска, көзү кара. Кара шапка, куртка, спорттук шым кийип жүргөн. Ал 2-топтогу майып, так сүйлөй албайт.
Изделип жаткан адам тууралуу маалыматы болгондор төмөнкү даректерге билдирип койсо болот:
0312363527, 0312363523, 0550510905, 0704312505, 0550343363 же 102.