Бишкекте мектеп окуучусун унаа койдуруп кетти

15:24, 18 января 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жөө адамдар өтө турган жайда мектеп окуучусун унаа койдуруп кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн саат 7:40та Койбагаров менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Honda Fit унаасынын айдоочусу 2003-жылы туулган кызды сүзүп алган.

Жабырлануучуну шаардык балдар ооруканасына алып кетишти. Айдоочу соо болгон, анын унаасы айып жайына киргизилди.