Жарандык авиация комитетинин басма сөз катчысы Нурсултан Нурахметов билдиргендей, окуя жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат төрттө болгон. Sky Service авиакомпаниясына таандык Eurocopter-130 үлгүсүндөгү тик учак «Алатау» санаториясынын аймагына кулаган.
Жарандык авиация комитети маалымдагандай, тик учуктын бортунда бир гана учкуч — аба кемесинин командири Валентин Шитов болгон. Ал тез жардам унаасында көз жумган.
Маалыматтарга караганда, Eurocopter-130 үлгүсүндөгү тик учак Боралдайдан Чоң Алматы көлүнө учуп бараткан.