Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы митингчилердин талаптарын угуу үчүн 5 кишиден турган топту Жогорку Кеңештин төрагасы кабыл алат.
Эске салсак, бүгүн аянтта кытайлык экспансияга каршы акция өтүүдө. Ага 200дөй киши катышып жатат.
Акциянын уюштуруучулары бийликке өз талаптарын коюшууда. Талаптардын арасында элдик көзөмөл түзүү, Кытай жарандарына берилген визалардын санын кыскартуу, алынган кытайлык насыяларды текшерүү, алардын негиздүүлүгүн жана эффективдүүлүгүн текшерүү бар. Эгерде негизсиз болгон болсо, түзүлгөн комиссия акча кимдин капчыгына түшкөнүн аныкташы керек.