14:11, 17 января 2019, Бишкек - 24.kg
Депутаттар өздөрү бекиткен айыппулдарга өздөрү нааразы. Алар абалды иликтөө үчүн бүгүнкү парламенттик отурумга өкмөт мүчөлөрүн чакырышты.
Вице-спикер Мирлан Бакиров калктын капчыгына чак келбеген жогорку айыппулдун бекитилгендигине нааразы болду. «Идея жакшы, бирок айыппулдун көлөмү маянанын өлчөмүн эске албай бекитилген», -деди ал.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдиргендей, түкүрүк үчүн айыппулду киргизүү Сингапурдун тажрыйбасынан алынган. Бирок, айыппулдун суммасын бекитип жатканда өкмөт Кыргызстан менен Сингапурдун орточо айлык акыларын салыштырган эмес.