Мирлан Бакиров талапка ылайык кийинип келбеген аткаминерден кечирим сурады

12:10, 17 января 2019, Бишкек - 24.kg

Вице-спикер Мирлан Бакиров кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында талапка ылайык кийинип келбеген аткаминерге карата айткан кеби боюнча кечирим сурады. Парламенттик журналист Ибраим Нуракун уулу кечээки окуя тууралуу суроо узаткан. 

«Жогорку Кеңештин жыйынына чакырылган киши Мыйзамда белгиленген этиканы сактоого милдеттүү. Экинчиден массалык маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин жыйынынан Талантбек Тынсовду кууп чыкты деп бурмаланган маалымат таратып жиберишти. Мен болгону аткаминер тизмеде жок экенин белгилеп бара берсеңиз болот дегем», -деди ал.

«Кечирим суроодон адам кичирейип кетпейт. Мен аткаминердин жеке аброюна, үй-бүлөсүнө жана коомчулукка катуу тийген болсо кечирим сурайм», -деп кошумчалады Мирлан Бакиров. Эске салсак, кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов менен вице-спикер Мирлан Бакиров Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду талаптагыдай кийинип келген жоксуң деп Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда жемелеген. Анда Мирлан Бакиров Талантбек Тынысовду ордунан тургузуп, депутаттардын алдында «Сиз ордуңуздан туруңузчу. Жогорку Кеңештин ичиндеги жүрүм-турум боюнча норма бар. Бул эмне деген нерсе? Жогорку Кеңештин аппараты, эмнеге карабайсыңар? Өкмөттүн аппараты, өкмөттүн өкүлү, бул жер базарбы?» — деп уяткарган.

Вице-спикер «чакырылгандардын арасында сиздин аты-жөнүңүз жок болгондуктан, кете бериңиз», -дегенде Талантбек Тынысов ордунан туруп, залдан чыгып кеткен. Бул окуя тууралуу социалдык түйүндүн колдонуучулары кызуу талкуу жүргүзүшкөн. Анда басымдуу бөлүгү Талантбек Тынысовду жактап, вице-спикер жана депутат кечирим сурасын деген пикирлерин калтырышкан.