10:22, 17 января 2019, Бишкек - 24.kg
Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңешке келгендер үчүн дресс-кодду алып салууну сунуштады. Бул тууралуу ал отурумда билдирди.
Айтымында, депутатка бул маселеге туш болгон шайлоочулар жана журналисттер көп келишет.
«Мага көзүндө көйгөйү бар киши келген. Аны коштоп жүргөн киши жинсы кийип алгандыктан, ичери киргизбей коюшуптур. Шайлоочулар аймактардан дагы келишет. Алардын Бишкекте кала турган жерлери жок. Алар костюмдарын жолдон эле кийип алышы керекпи? Көпчүлүгүнүн кийимге акчасы жок. Мындай дооматты коюу негизсиз», -деди депутат.
Ал кошумчалагандай, күзөтчүлөр балдарды өткөрүү пунктуна калтырууну суранышат. «Жалгыз бой энелер келишет. Алар балдарын кантип сыртка таштап коюшат. Журналисттер дагы нааразы болушууда, депутаттарды сыртка чыгып интервью берип коюңуз деп суранышат. Анткени кийиминен улам ичке кире албайт. Бул тартипти ЖК аппараты менен президенттин аппаратынын жетекчилиги орнотушкан, муну кайра карап чыгуу керек», -деди Дастан Бекешев.
Эске салсак, кечээ баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду анын сырткы кийими үчүн Жогорку Кеңештен чыгарып жиберишкен. Депутаттар аны футболка кийип келди деп айыпташкан. Бирок, Талантбек Тынысов свитер кийип жүргөн. Бирок, бул ЖК мүчөлөрүнө жаккан эмес.