Жалал-Абад облусунда 2018-жылы 42 өзгөчө кырдаал катталып, кырсыктын кесепетинен 5 адам каза болгон. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, Жалал-Абад облусунун Жарандык коргонуусунун 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жана үстүбүздөгү жылга коюлган милдеттери жөнүндө областтагы район-шаарлар менен онлайн режиминде жыйын өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө былтыр облус аймагында 642 ар кандай өрт кырсыктары катталганы маалым болду. Анда тилсиз жоодон 25 мал жандыктар, 2 автоунаа жана 166 444 сомдук материалдык баалуулуктар сакталып, 20 адам өрттөн куткарылган.