15:24, 16 января 2019, Бишкек - 24.kg
24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Мен кызым чет өлкөдө окуйт. Азыр башка улуттагы жаранга турмушка чыкканы жатат. Анүстүнө мусулман да эмес экен. Кызым аны менен баш кошо алабы?
Жооп: Куранда башка диндин өкүлүнө турмушка чыгууга түз тыюу салуу жок. Бирок кыйыр түрдө ага каршы билдирүүлөр бар. Мисалы, ( Куран, 2:221) «ишенимге киргенче динсиз менен турмуш курбагыла» деп айтылат.
Ошондуктан, сиз кызыңызга буларды түшүндүрүү менен болочок күйөө-балаңызга исламды кабыл алууну сунуштасаңыз болот.